Баткенде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Баткенде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө болушат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун көзөмөлгө алууну күчөтүү тапшырмасын берген.

Мындан сырткары, министрдин буйргуу менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү мененбиргеликте чек арага чектеш райондордун калкына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүлөт.

Азыркы учурда Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>