Баткенде милициянын саны көбөйтүлдү

Баткенде милициянын саны көбөйтүлдү

Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту жакшыртуу  максатында миилциянын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, жыл башында  жүргүзүлгөн оптимизациялоого ылайык кошумча 43 бирдик бөлүнүп, аймактык миилциянын, жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлордун, тергөөчүлөрдүн, жоруктар боюнча жана нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөн.

Ошондой эле Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылына чек арага чектеш аймакта коомдук коопсуздукту сактоо үчүн 28 штаттык бирдиги бар  милициянын айылдык бөлүмү түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>