Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Лейлек жана Баткен райондорунда 12-13-июль күндөрү жааган жамгырдан кийинки селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин малыматына караганда, табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген учурлар жок.  

Исфана шаарында 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө,  короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 38 бодо малды агызып кеткен. Мындан башка чарбалык унаа жолду жана каналдарды сесл баскан.

Тогуз-Булак айылында каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн тосмолорун агызган.

Баткен районунун  Кыштут айылында 7 турак үйдүн ичине жана короолоруна сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолдорго,  арыктарга кум шагыл толупуп, ички чарбалык көпүрөнү алып кеткен. Газ, Согмент айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорун сел алган.

Боз-Адыр айылында 2 турак үйдүн, Кара-Токой айылында 3 турак үйдүн короолоруна каптаган. Мындан сырткары Мергенов атындагы орто мектебинин жана Кара-Токой бала бакчасына сел суулары кирген.

Азыркы тапта жарандык коргонуу боюнча комиссия тарабынан табият кырсыгынын зыяндарын тактоо, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>