Баткенде ЖАМКнын кызматкерлери опузалап пара алган

Баткенде ЖАМКнын кызматкерлери опузалап пара алган

Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын (ЖАМК) мекемесинин кызматкерлери опузалап пара алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖАМКнын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Ал арызында ЖАМКнын мекемесинин кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу учун андан 25 000 сом өлчөмдө пара талап кылып жатканын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты 326-берене (опузалап пара алуу) менен катталып, шектүү деп божомолдонгон кызматкерлер үч жолу өзүнчө параны алышканы катталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында февралдын аягында Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6000 сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын  мекемесинин жетекчисинин орун басары Т.А. кармалган.

Кармалган кызматкерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралып жатканы кабарланат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>