Баткенге өзгөчө статус берүү: облус кандай артыкчылыкка ээ болору айтылды

Баткенге өзгөчө статус берүү: облус кандай артыкчылыкка ээ болору айтылды

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу Мыйзам долбоорун жарыялады.

Аталган Мыйзам долбоору Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча, Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.

Буга чейин 2-апрелде аталган Мыйзам долбоору өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Мыйзам долбоору толукталып иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна кезексиз киргизилген.

Долбоордо төмөнкүлөр каралган:

  1. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:
  • Өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;
  • Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

  • Өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;
  • Жеңилдетилген каржылоо механизми;
  • Облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
  • Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;
  • Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
  • 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>