Батукаевдин иши боюнча сотко Атамбаев келбей, отурум жылдырылды

Батукаевдин иши боюнча сотко Атамбаев келбей, отурум жылдырылды

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум ушул иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот залына келүүдөн баш тартып койгондугу үчүн жылдырылды.

Адвокат Сергей Слесарев билдиргендей, кийинки отурум 14-октябрга белгиленди.

Бүгүн 11-октябрда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча  алгачкы соттук отурум болду.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Бусурманкул Табалдиев Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Ал эми  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>