Базар-Коргон автобекетинин жанында 90 жаштагы карыяны сабап кетишкен

Базар-Коргон автобекетинин жанында 90 жаштагы карыяны сабап кетишкен

9-июль күнү саат 16:00 чамасында Базар-Коргон районундагы автобекеттин жанында 1931-жылы туулган эркек киши сабалган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

10-июлда милиция кызматкерлери бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки тергөө ишин башташкан.

Керектүү экспертизалар дайындалды.

«Бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр аныкталды, тергөө тобу аларды издеп жатат», — деп билдиришти маалымат бөлүмүнөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>