Базар-Коргондо 8 адам тамакка ууланып ооруканага жаткырылды

Базар-Коргондо 8 адам тамакка ууланып ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда тамак-ашка уулануунун белгилери менен сегиз киши райондук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Азаттык» облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаевге шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, алты киши жугуштуу оорулар бөлүмүндө болсо, экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Баарына өз убагында дары-дармектер берилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Санитардык дарыгерлер үй ээсинин колдо жабылган салаттарынын баарын жок кылышты. Учурда алты бейтаптын абалы туруктуу жана жандандыруу бөлүмүндөгү 11 жаштагы кыздын жана 45 жаштагы аялдын абалы оор», — деди Үсөнкул Жоробаев.

Ооруканага түшкөндөр талаада пахта терип жатып түштөнүүдө колдо жабылган салат жешкен. 19-20-октябрь күндөрү алар четинен ооруканага түшө баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>