Бекназаров: “Жаңы-Ордо” гезити аркылуу улуттук аң сезимди көтөрөйүн дедим

Бекназаров: “Жаңы-Ордо” гезити аркылуу улуттук аң сезимди көтөрөйүн дедим

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров кесибин өзгөртүп журналист болду. Мындай маалыматты бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал “Жаңы-Ордо” гезитинде баяндамачы болуп иштеп баштаган.

Маалыматты тактоо үчүн Репортер агенттиги Бекназаровдун өзү менен байланышканда, ал буларды айтты:

[su_quote]Мен эч кандай кесибимди алмаштырган жокмун. Бирок “Жаңы Ордо” гезитине баяндама жазып жатканым чын. Гезиттин бүгүнкү санын карасаңар 23-сентябрь тил күнүнө карата эки бет макалам чыкты. Мен «Жаңы Ордо» гезити аркылуу кыргыздын улуттук аң сезимин, намысын көтөрөйүн дедим. Эми ушул багытта баяндама, макала жазып турам. Негизи буга чейин да жазып келчүмүн.[/su_quote]

Азимбек Бекназаров Бакиевдин бийлиги тушунда Башкы прокурор болуп турган. 2010-жылкы саясий окуяларда оппозициянын лидери болгон. Апрель окуяларынан кийин ал өкмөттө вице-премьер министр кызматты аркалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>