Белгилүү актёр Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда өтөт

Белгилүү актёр Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда өтөт

Белгилүү актёр Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты эртең, 11-июнда саат 9.00дө болот. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу ырчы Нурбек Айдаров фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтуусунда, коштошуу зыйнаты Учкун конушунун Айбек-Ата көчөсү №80 дарегинде өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген артист Марат Жанталиев 9-июнда ооруканада каза болгон. Ал 59 жашта болчу. Кесиптештери актёрду буга чейин ооруп жүргөнүн билдиришкен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>