Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев “Sputnik V” вакцинасын алды

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев “Sputnik V” вакцинасын алды

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев коронавируска каршы “Sputnik V” вакцинасы менен эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, россиялык вакцина менен 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөө чечими кабыл алынган. Калган категориядагы жарандар биринчи этапта кытай вакцинасын алууну улантышат.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Кыргызстанга орусиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келген.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>