Бийлик: Зергерлер көп алтынды өндүрө албайт

Бийлик: Зергерлер көп алтынды өндүрө албайт

Кыргызстанда жалпы зергерлер болгону 47 килограммдын алтынын гана зер буюм катары өндүрө алат. Бул туурасында Каржы министрлигинин астында баалуу металдар департаментинин директору  Канат Мадумаров Жогорку Кеңештин финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандан 17-18 тонна алтын өндүрүлсө, ал эми зергерлер 50 килограммга чейин гана алтынды иштетүүгө алы жетет. Зергер менен аленктенген ишкерлер менен жолугушканда, болгон 50 килограмм гана алтын сураган.

Ошол эле маалда сырттан сатылып келип жаткан алтын буюмдардын көлөмү 1 тонна 400 кг. түзгөнү айтылып, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ишкерлерге шарттар түзүлүү керектиги жыйында сунушталды.

Мындан Түркия мамлекетинин зер буюмдары заманбап ыкма менен жасалып, сапаты жагынан да  алда канча жогору турат. Баасы да дагы арзан болуп жатат. Ошол себептен ишкерлерге зер буюмдарын жасай турчу аппараттар жагынан да жардам кылуу зарылдыгы белгиленди.

Буга чейин Кумтөрдөн чыккан алтынды зер буюм катары өндүрүп дүйнөгө сатуу менен олчойгон пайда табуу болоору айтылган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>