Жалал – Абадда жол коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөр менен биргеликте рейдке чыкты

Жалал – Абадда жол коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөр менен биргеликте рейдке чыкты

Жалал -Абадда облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын  кызматкерлери өспүрүмдөр менен биргеликте рейдке чыкты. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

«Билим күнүнө”  карата өтүп жаткан иш чарада, өспүрүмдөрдөн түзүлгөн «Жол кыймылынын жаш инспектолору» командасы  жол коопсуздук кызматкерлерине жардам көрсөтүп, мектептердин жанындагы унаа жолдоруна жана жөө адамдар өтүүчү тилкелерге туруп, инспекторлорго жардам көрсөтүшкөн.

Алардын ичинде Казакстандын Караганда шаарында болуп өткөн «Жол кыймылынын жаш инспектолору»  слетунда үчүнчү орунду камсыз кылып келген команда дагы бар.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылынын ачылышына карата  жер-жердерде милиция кызматкери жол коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>