Бильярд: Азиз Мадаминов Оренбургда экинчи орунду ээледи

Бильярд: Азиз Мадаминов Оренбургда экинчи орунду ээледи

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу К.П. Крюковдун элесине арналып, Оренбург шаарында өткөн мелдеште экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спортко тиешелүү “Дуплет” сайтты жарыялады.

Турнирдин “Эркин пирамида” түрү боюнча өткөн мелдешине Орусия, Украина жана Кыргызстандан барган 40 бильярдчы катышып, Мадаминов финалга чейин жеткен. Ал эми баш байге үчүн болгон оюнда Артем Баловко 1:6 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген.

Буга чейин, Азиз Мадаминов февралдын 11нен 14нө чейин Казан шаарында орун алган эл аралык турнирде 3-орунду ээлеген болчу.

Рубрики: СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>