«Бир Бол» партиясы оппозицияга кетет

«Бир Бол» партиясы оппозицияга кетет

«Бир Бол» партиясы бийликке оппозиция болот. Күчтүү оппозиция, жоопкерчиликтүү өкмөт. Бул туурасында «Бир Бол» саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов саясий уюмдун кезексиз Съездинин жүрүшүндө билдирди.

Саясатчынын пикиринде, күчтүү оппозиция аткаруу бийлигинин тартипке салып, тыкыр көзөмөлдөп, эл менен бийликтин ортосунда бекем көпүрө болуп бере алат.

«Эч качан чабал парламент күчтүү Өкмөттү түзө албайт. Реформалардын башкы идеологу жана демилгечиси — Парламент. Алар мыйзамдар аркылуу, идеялар аркылуу, көз караш жана түшүнүктөр аркылуу саясий-экономикалык, социалдык процесстердин жана эң башкысы — руханий баалулуктардын уңгусу болууга милдеттүү. Чабал парламент — чабал Өкмөт, чабал Өкмөт — алсыз мамлекет. Күчтүү парламент – күчтүү Өкмөт, күчтүү Өкмөт -бакубат мамлекет», — деди Шыкмаматов.

Эске салсак, бүгүн, «Бир Бол» партиясынын кезексиз Съезди өтүп жатат. Анда «Бир Бол» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасалды.
Программанын стратегиялык багыты — ар бир кыргызстандыктын жашоосунун бакубаттуулугун жогорулатуу. Программа конкреттүү пландар менен бекемделген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>