Бир күндө пневмония жана коронавирустан 44 адам каза болду

Бир күндө пневмония жана коронавирустан 44 адам каза болду

3-июлда Кыргызстанда пневмониядан 29 адам, коронавирустан 15 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Коронавирустан каза болгондор төмөнкү аймактарда:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер -56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 71 жашта);
Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркектер — 69, 67 жашта. Аялдар – 83, 50, 61 жашта);
Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 75 жашта).

Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 147 кишиге жетти.

Ал эми соңку сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болгон. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 452 адам.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>