Бир суткада 17 медиктен коронавирус табылды

Бир суткада 17 медиктен коронавирус табылды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Ош шаарында 5, Жалал-Абад облусунда  2, Ош облусунда  4, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 3 медиктен илдет табылды. Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты”, — деди Акматова. 

Мындан сырткары үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылган. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2928 учур катталды, алардын ичинен 2025 медкызматкер сакайган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>