Бишкек: Алгач ирет электрондук коммерция боюнча форум өтөт

Бишкек: Алгач ирет электрондук коммерция боюнча форум өтөт

Бишкек шаарында 30-сентябрь күнү биринчи ирет электрондук коммерция боюнча  форум болгону жатат. Электрондук коммерция ассоциациясы менен “Интернет саясаты жарандык демилгелер” фонду уюштуруп жатат. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.

Алардын айтымдарында, бул форумду уюштуруу менен электрондук сатууларды өнүктүрүүнү көздөшөт. Бул иш-чарага эл аралык деңгээлдеги ири компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.

Электрондук коммерция ассоциациясы өлкөдөгү электрондук сатып-алуулар менен иштеген компаниялардын кызыкчылыктарын коргоо, эксперт катары колдоо көрсөтүү жана андан ары дүйнө рыногуна, эл аралык ассоциациялар менен жолугууга аянтча түзүп берүүнү мерчемдеп жатышат.

“Бул форумда ири бизнес өкүлдөрү катышат. Алар чакан, орто  онлайн жана офлайн бизнестин өнүгүү стартегиялары туурасында, жана сатуу боюнча көз караштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”-дешет.

Катышуучулар чет өлкөлөргө бизнесин өнүктүү боюнча да жаңы билимдерди алыша алаарын кошумчалашууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>