Бишкек: Эл ташып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды (ВИДЕО)

Бишкек: Эл ташып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды (ВИДЕО)

Чыңгыз Айтматов көчөсүндө автобус  жолдон чыгып, бак аралап кирип кетти. Бул боюнча  Reporter.kg′ге күбөлөр видеосун жөнөткөн.

Күбөлөрдүн  маалыматына караганда, 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн. Ушул тапта 5 тез жардам унаасы келген. Жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам берип жатышат.

Азырынча жабыркагандардын саны 10 киши.

Жеринде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>