Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы унаа кырсыгынан 3 адам өлдү, бирөө өспүрүм (видео)

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы унаа кырсыгынан 3 адам өлдү, бирөө өспүрүм (видео)

Бишкек —Нарын — Торугарт автожолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду, арасында өспүрүм бар. Бул тууралуу Репортерге Чүй облустук Жол коопсузук кызматынын өкүлү Тимур Миршакиров  билдирди.

Маалым болгондой кырсык бүгүн 25-октябрда, аталган автожолдун 34-чакырымында катталган.

“Кырсык тууралуу маалымат 16:40та келип түштү. «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу баштыштан чыгышты көздөй баратып жол жээгине коопсуздук үчүн коюлган  тосмо дубалды (бордьюр) сүзгөн. Кырсыктан 3 адам жеринде каза болуп, эки адам ооруканага  жеткирилген”, — деди Миршакиров.

Аталган кырсыктын видеосун жолдон өтүп бараткан жүргүнчүлөр да тартып алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>