Бишкек: Өкмөт үйүнүн алдында митинг (ТҮЗ ЭФИР)

Бишкек: Өкмөт үйүнүн алдында митинг (ТҮЗ ЭФИР)

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Лебединовканын мурдагы айыл өкмөтү Бердибек Чынтемировго жерлерин алдатып жибергендер митинге чыгышты.

Алар “Депутаттыкка талапкер биздин жерди бер”,  “Лебединовка айылынын мурдагы башчысы жерди бер!”, “Бердибек Чынтемиров ууруу, алдамчы” –деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

Нааразы тарап жалпы жонунан 7 гектар 10 сотых жерди жасалма документтер менен алдатып жиберишкен.

Бердибек Чынтемиров буга чейин Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүн башкарып келген. Учурда Аламүдүн округунан Жогорку Кеңештин депутат болуу үчүн талапкер катары ат салышууда.

 

Депутаттыкка талапкер Бердибек Чынтемировго иш козголду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>