Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, 5 адам жаракат алды — сүрөт

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, 5 адам жаракат алды — сүрөт

Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагылышып, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 20-апрелде Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул шаары аркылуу өткөн 286-чакырымында болгон. Анда Honda Logo жеңил унаасы менен VOLVO оор жүк ташуучу унаалары кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен бир аял 9 жашар бала жана 3 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды жолдон өтүп бара жаткан унаалар райондук ооруканага жеткиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>