Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын прогноздолгон бюджети жасалма жол менен көбөйтүлүп, айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулатылган.

Мисалы, өзгөчө жоопкерчиликтүү жана маанилүү кызматтарга теңөө жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар мэринин айлыктары 120 миң жана 150 миң сомго жеткирилген. Мунун аркасынан 2019-жылдан 2021-жылдын биринчи кварталына чейин мамлекетке 214 581 700 сом сом зыян келтирилген.

Ошондой эле прокуратура бюджет долбоорун шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров бекитип жаткан учурда мыйзамсыз айлык төлөнүп жаткандыгы боюнча маселе талкуусуз калтырылган деп тапкан.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Абировго жана башка кызмат адамдарына карата материалдар чогултулуп, 320-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каттаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>