Бишкек: Тайгактан арылуу үчүн 354 тонна туз себилди

Бишкек: Тайгактан арылуу үчүн 354 тонна туз себилди

Бишкек шаарында Тазалык жана Бишкекжашылчарба кызматкерлери аллеяларды, жөө өтмөктөрдү, жолодордун жээктерин кардан арылтууда. Бул туурасында калаа бийлиги маалымат таратты.

Маалыматка караганда, коммуналдык кызмат 01:30 убактысында даярдыктарды көрүп, жолдогу абалга мониторинг кылып турду. 02:00 дө Тазалык кызматына 37 техника, 28 кар күрөөчү техника, 4 универсалдуу техника, 5 кичи трактор ишке киришти. 354 тонна туз себилди.

Учурда Тазалык жана Бишкекжашылчарба кызматкерлери аллеяларды, жөө өтмөктөрдү кардан арылтууда. Көчөлөрдөгү коопсуздукту Бишкек шаардык милициясы жөнгө салууда.
Борбор шаардын тиешелүү бийликтегилери жолдогу кырдаалды карап турат.

Эгерде, кандайдыр бир көчөлөрдө, тратуарларда кардан улам тоскоолдуктар жаралса 0554 182 185 WhatsApp номерине же болбосо 1840 жана 1850 кыска номуруна чалып кабар берип коюуусун мэрия өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>