Бишкек жана Сокулуктун айрым көчөлөрүндө 3 күн газ өчүрүлөт

Бишкек жана Сокулуктун айрым көчөлөрүндө 3 күн газ өчүрүлөт

Сокулук районунун жана Бишкек шаарындагы айрым көчөлөргө газ берүүнү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрдан 19-сентябрга чейин өңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу газ берүү токтойт.

Тактап айтканда, 16-сентябрда Сокулук айылынын Киров көчөсүндө; 17-19-сентябрда Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсү менен Казаков, Арзамас, Сельсовет көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

Ишкана жетекчилиги тургундардан кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>