Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортунда 2-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Анда Кыргызстанга Бангладештен 103 жаран кайтып келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Аталган авиакаттам менен ошондой эле Бангладештен Өзбекстан  жана Тажикстандын жарандары чыгарылды. Эми аларга өзбек жана тажик тараптарынын кайрылуусуна ылайык Өзбекстанга жана Тажикстанга кайтып баруу үчүн транзиттик коридор уюштурулат.

Чет мамлекеттерде калып жаткан жана Мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>