Бишкекке Корея жана Япониядан 43 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Корея жана Япониядан 43 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарына Япониядан жана Кореядан Кыргызстандын 43 жараны кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул маселе президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча чет жактардагы кыргызстандыктарды алып келүү иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам эл аралык авиа каттамдар токтогон. Ошол себептен буга чейин чет мамлекеттердеги мигранттар мекенине кайтып келе албай жатышкан.

«Азыркы учурда келгендердин бардыгы белгиленген тартипте өлкөнүн медициналык мекемелеринин бирине байкоо обсервацияга жайгаштырылды. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мүмкүн болушунча Кыргызстанга кайтарып алуу маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>