Бишкекке желим бөтөлкөлөрдү чогултуш үчүн атайын урналар коюлууда

Бишкекке желим бөтөлкөлөрдү чогултуш үчүн атайын урналар коюлууда

Желим бөтөлкөлөрдү чогултуу үчүн Түштүк магистралдагы жаңы сейил бакка атайын урналар орнотула баштады. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, урналар вице-мэр Рыспек Сарпашевдин сунушу менен коюлган.

Учурда аталган сейил бакка эки урна орнотулган. Аларга миңден ашуун желим бөтөлкө батат. Алдыда дагы 60 урнаны жасоо боюнча демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бир урнаны жасоого 7 миң сом сарпталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>