Бишкекте өспүрүм 7 кабаттан боюн таштап каза болду

Бишкекте өспүрүм 7 кабаттан боюн таштап каза болду

Бишкектеги Никитин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан секирип кеткен 14 жаштагы өспүрүм каза болду.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы окуя 11-октябрда болгонун айтып, баланын бийиктен кулашынын себептерин ачыктаган жок.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ каза болгон өспүрүм 2005-жылы туулган Н.Э. экенин аныкташкан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>