Бишкекте 12-кабаттан кулап кеткен жылаңач индиялык Кыргызстандын жараны

Бишкекте 12-кабаттан кулап кеткен жылаңач индиялык Кыргызстандын жараны

Бишкекте индиялык жаран 12-кабаттан кулап кетти деген маалыматка Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы комментарий берди.

Саат 12:30да Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ибраимов көчөсүндө белгисиз адамдын сөөгү жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов районунун ИИБнын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетип, ал жерден күч колдонуу менен өлүмдүн тышкы белгилери жок жансыз дене табылган. Ал Кыргыз Республикасынын жараны, Индия Республикасынын 1962-жылы туулган Б.С. аттуу киши болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Бишкек: 12-кабаттан индиялык жаран жылаңач кулап түштү — сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>