Бишкекте 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

17-июлда Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий иш сапары менен келет. Ошого байланыштуу Бишкекте 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда Түштүк Кореядан келе турган делегацияны тосуп алууга даядыктарды көрүлүп жатат. Анда шаар көчөлөрүн иретке келтирүү аракеттери жүрүүдө. Ошондой эле коноктордун коопсуздугу камсыздалышы үчүн ушундай чечим чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>