Бишкекте 20 сомдон жол кире алган айдоочуга айып салынды, – видео

Бишкекте 20 сомдон жол кире алган айдоочуга айып салынды, – видео

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдөн жол киреге 20 сомдон алган маршруттук каттамдын айдоочусуна айып салынды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Жолдор жана транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя 12-августта болгон. Айдоочу саат 23:00дөн кийин жүргүнчүлөрдү ташып, жол акысына 20 сомдон алган.

“Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан саат 23:00дөн кийин мыйзамсыз түрдө 20 сомдон ташып жүргөн айдоочуга протокол түзүлдү.  Ага 85 эсептик көрсөткүчтө айып салынды”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>