Бишкекте 23-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Андагы баалар кандай?

Бишкекте 23-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Андагы баалар кандай?

Бишкекте 23-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарманке Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

«Биз жарандардын өтүнүчүн эске алуу менен бир айда эки ирет жарманке өткөрүүнү туура көрдүк. Ар бир өткөн жарманкеде иш-чаранын форматын жаңыртып турабыз.

Ошондой эле, жарандарды эл аралык бренддерден кем калбаган, өзүбүздүн сапаттуу ата мекендик бренддер менен тааныштыруу менен дыйкан, фермерлерди колдоо биздин эң негизги максатыбыз”, — деди Айыл чарба министринин орун басары Бермет Турсалиева.

Жарманке 23-январда саат 10:00дө өтүп, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:

  • Эт азыктары 390 сом
  • Жумуртка 88-92 сом
  • Үй тооктору 180-200 сом
  • Каймак 220 сом
  • Быштак 180 сом
  • Колдун айраны 40 сом
  • Өсүмдүк майы 112-120 сом
  • Картошка 22-25 сом
  • Пияз 15 сом
  • Сабиз 20 сом, жашылчалар, суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн номурлар: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>