Бишкекте 54 миңдей адам шайлоого катыша албайт

Бишкекте 54 миңдей адам шайлоого катыша албайт

Борбор калаанын 53 911 тургуну биометрикалык каттоодон өтпөгөнү үчүн шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка таянсак, учурда борбор калаада 1 053 915 жаран жашайт, алардын ичинен 416 749 адам шайлоочулардын тизмесине кирген.

Жалпысынан өлкөдө 344 миң жаран биометрикалык каттоодон өтпөсө, Бишкекте бул көрсөткүч 53 911 адамды түзөт. Башкача айтканда, шайлоо укугуна ээ шаардыктардын 11,5 пайызы биометрикалык маалымат тапшырбагандыгына байланыштуу добуш бере алышпйт. Ошондой эле 7 799 жарандын 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар, аларды каттоо дареги учурдагы паспорттогу маалыматтарга дал келбеси айтылат.

Ушул тапта калаанын аймагында 228 шайлоо участкасы жана бир шайлоо округу түзүлгөн. Шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн 27 саясий партия арыз тапшырды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 2021ди түзсө, анын 828и аял киши. Алар 45 депутаттык мандат үчүн ат салышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>