Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулууда

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулууда

Бишкекте эл аралык донорлордун жардамы менен адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулууда. Бул тууралуу  ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин шимердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында билдирген.

Өмүрзаковдун айтымында, бул иштер жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту камсыздай турган “Командалык борборду” ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат.

Жакында эле түзүлгөн “Командалык борбордун” негизги милдети, кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү болуп эсептелет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>