Бишкекте апасы баласынын дене табын туура эмес өлчөп чарчап калган

Бишкекте апасы баласынын дене табын туура эмес өлчөп чарчап калган

Бишкекте апасы дене табын туура эмес өлчөгөндүктөн бала чарчап калган. Бул тууралуу шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева Бишкекте өткөн брифингде билдиргенин kabar.kg жазды.

Буга чейин дарыгер балдардын температурасын кантип туура түшүрүү керектигин айткан.

Андан тышкары, дарыгер балдарга антибиотикти көп бербөө керектигин билдирген, анткени анын кесепети кайтарылгыс болушу мүмкүн.

Анакееванын айтымында, мында боордо кайтарылгыс өзгөрүүлөр болот. Башкача айтканда, боорду мурда дени сак абалга кайтаруу мүмкүн эмес.

«Эки жыл мурун 5 жашар кыз каза болуп калган. Ага апасы антибиотиктерди жана парацетамол, цитрамон дарыларын көп берген. Ал бизге оор абалда келген», — деди дарыгер.

Дарыгер кошумчалагандай, Орусиянын аймагында мындай учурлар көп экенин айтып, балдарга дары берүүдө этият болууга чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>