Бишкекте автобустун айдоочулары жол эрежелери боюнча тесттен өтүшүүдө

Бишкекте автобустун айдоочулары жол эрежелери боюнча тесттен өтүшүүдө

Бишкекте шаар тургундарын ташыган автобусттун айдоочулары жол эрежелери боюнча тесттен өтмөйүнчө каттамга чыгарылбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы коомдук траспорттордун ишине көзөмөлдү күчөтүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоодо. 9-октябрда 11-октябрга чейин шаар ичиндеги автобустун айдоочуларына карата жол эрежелери боюнча тесттен өткөрүп жатат. Эгерде айдоочу жол эрежеси боюнча билимин тастыктай албаса, каттамга чыгарылбайт. Бирок автобазадагы тажрыйбалуу айдоочулар тесттен өтө албай калса, аларга карата сыноо мөөнөтү берилет да кайрадан экзаменден өтүшөт.

Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилик борбордогу айдоочуларды унаа айдоодо кылдаттыкка жана чыдамкайлыкка чакырат!

Урматтуу Бишкектиктер! Автобусттун ишине кандайдыр бир сиздерди канааттандырбаган суроолор болсо 0312 53 48 24, 53 18 17 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>