Бишкекте аялдарды тоноп жүргөн 28 жаштагы адам кармалды

Бишкекте аялдарды тоноп жүргөн 28 жаштагы адам кармалды

Бишкекте 28 жаштагы жаран тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, эркек киши анын үйүнө келип, коркутуп жана токмоктоп 14 миң сомдук уюлдук телефонун жана 2 миң 500 сомун тартып алганын айткан. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары   28 жаштагы П.А. аттуу жаран кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>