Бишкекте Chevrolet унаасын айдаган жаш кыз баланы сүзүп качып кеткен

Бишкекте Chevrolet унаасын айдаган жаш кыз баланы сүзүп качып кеткен

Бишкекте жөө жүргүнчүнү унаасы менен сузүп, жеринен качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

29-октябрда саат 17:00дөр чамасында Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унаа 12 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу качып кеткен.

Бала ооруканага жеткирилген.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө патрулчулар тарабынан унаа жана айдоочу (19 жаштагы кыз) табылып, РИИБге өткөрүлүп берилди. Унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>