Бишкекте чуркап баратып таштанды терүү боюнча жарыш өтөт

Бишкекте чуркап баратып таштанды терүү боюнча жарыш өтөт

28-сентябрда Бишкектин четиндеги Чуңкурчак капчыгайында плоггинг же чуркап баратып таштанды терүү боюнча жарыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Акыркы жылдары жолдорго ыргытылган таштанды көйгөйү жаралууда. Чуркаганча таштанды чогултуу иш-чарасы айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтып, сергек жашоого үндөө максатын көздөйт.

Жарышты «Супара Чуңкурчак» этнорезорту Чуңкурчак капчыгайында жайгашкан ишканалардын колдоосу менен уюштурууда.

Катышуучулар 3, 10 жана 15 км аралыкка чуркаганча таштанды чогултушат.

Булак: Марал рад.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>