Бишкекте дөңгөлөк жарылып, уста оор жаракат алды, — видео

Бишкекте дөңгөлөк жарылып, уста оор жаракат алды, — видео

Бишкектин четиндеги автоунааларды техникалык тейлөөдөн өткөргөн станцияларынын биринин кызматкери дөңгөлөктүн жарылып кетип, оор жаракат алды. 

Окуянын видеосун телеграм каналдарынын бири жүктөдү. 

Тасмадан көрүнгөндөй жумушчу жүк жашуучу автоунаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатканда, дөңгөлөк жарылып,асманга топтой ыргып кеткен. 

Медиктердин маалыматына ылайык, окуя бүгүн, 24-сентябрда саат 11:00дөр чамаксында, Ак-Жар жаңы конушунда болгон. Жумушчунун мээси чайкалып, сөөктөрү сынып кеткен.

Учурда Бишкектеги Илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна дарыланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>