Бишкекте дагы бир мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды

Бишкекте дагы бир мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды

Бишкек шаарындагы 24 мектептин окуучуларынан коронавирус илдети аныкталып, билим берүү онлайн режимде уланууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, 26-апрелге карата борбор калаадагы 14 мектеп аралыктан окутуу режимине өттү. Ал эми 2 бала бакча карантинге жабылды.

Мындан тышкары, шаар боюнча 18 класс аралыктан окутууга өттү. Бүгүнкү күндө 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61-мектептер билим берүүнү онлайн режимде улантууда.

Белгилей кетсек, соңку суткада Бишкекте 138 адамдан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>