Бишкекте эпид кырдаал курч, бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалууда

Бишкекте эпид кырдаал курч, бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалууда

Бишкек жана Чүй аймактарында эпид кырдаал  курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

«Учурда оорулардын санынын көбөйүшүнө жана COVID-19дун кайрадан жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу, шаардык No1 клиникалык оорукананын базасында 132 кошумча керебет жайгаштырылды», — деди ал.

Ошону менен бирге, Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын орун басары бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 281, ал эми Чүй облусунда 238 керебет бар экендигин белгиледи.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен ооругандар үчүн 2 миң 361 керебет жайгаштырылды, анын 255и реанимацияда. Бүгүнкү күндө жалпы 1 миң 125 керебет бар, анын 156сы реанимацияда», — деп кошумчалады Рахматуллаев.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, республиканын ооруканаларында жалпысынан 214 дарыгер жана 403 медайым иштейт. Ошондой эле, бейтаптар үчүн 2833 кычкылтек концентратору жана 289 жасалма өпкө желдетүү каражаттары каралган.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>