Бишкекте “FRIMA» компаниясынын кургак сүттөрүн жасап саткан жашыруун цех табылды – сүрөт

Бишкекте “FRIMA» компаниясынын кургак сүттөрүн жасап саткан жашыруун цех табылды – сүрөт

Бишкекте «FRIMA» компаниясынын кургак сүттөрүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы базарлардын биринде мыйзамсыз түрдө «FRIMA» компаниясынын кургак сүттөрүн жасап сатуу менен алектенген адамдар бар экени тууралуу маалымат түшкөн. 

Кечээ, 25-январда жасалма «FRIMA» кургак сүтүн базардагы санитардык эреже сакталбаган шартта мыйзамсыз өндүрүп жаткан жашыруун цех табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

[su_image_carousel source=»media: 54800,54801,54802″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>