Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору түзүлдү

Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору түзүлдү

Бишкек шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору (мындан ары-ИТБ) түзүлдү. Бул туурасында Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИТБнын милдети салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, лицензиялык -уруксат документтерди берүү, ишкерлерди окутуу аркылуу компетенцияларды жана көндүмдөрдү өнүктүрүү. Ошондой эле коррупциялык механизмдерди жоюу бөлүгүндө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана насыя-финансылык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда ишкерлерди (жеке жана юридикалык жактарга) сапаттуу жана өз убагында тейлөө болуп саналат.

ИТБ мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана насыя-финансылык мекемелердин ишкерлик жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка формаларын ишке ашыруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн бирдиктүү аянтча болуп саналат.

ИТБнын негизги максаттары салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу жана ишкерлер менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана насыя-финансылык мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Борбор мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана насыя-финансылык мекемелердин документтерди кабыл алуу жана берүү үчүн адистештирилген “терезелерин” жайгаштыруу менен иштейт.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ИТБда төмөнкү кызматтарды көрсөтүүгө арыздарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет:

— Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим боюнча;

— салык органына көрсөтүү үчүн бажы төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалым кат боюнча;

— Бажы иши чөйрөсүндөгү реестр боюнча (убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, эркин кампа, бажы ташуучусу, бажы өкүлү);

— Интеллектуалдык менчик объекттердин бажы реестри боюнча.

ИТБда бажылык башкарууга байланыштуу суроолор боюнча ишкерлерге кеңеш берген бажы кызматынын квалификациялуу кызматкерлери иштейт.

ИТБ Бишкек ш., Ибраимов көч., 152 (мурдагы “Эльдорадо” ББ имараты) дареги боюнча жайгашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>