Бишкекте кайсы айдан тарта жол кире көтөрүлөрү айтылды

Бишкекте кайсы айдан тарта жол кире көтөрүлөрү айтылды

Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жол кире акысын жогорулатуунун зарылчылыгын мэрияга далилдей алышты. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар шаардыктарды таза, бузулбаган маршруткада ташыгылары келет. Бирок, бул үчүн аларда дайыма эле каражат жетише бербейт.

«Мен маршруттук таксилерге чара көрө алам, күчкө сала алам. Бирок, эртең 1 500 кичи автобус чыкпаса шаарда башаламандык болот. Ачыгын айтканда, элди ташый албайм. 100 автобус жана 150 троллейбус менен кантип элди ташыйм? Тескерисинче, маршруттук таксилерге ыраазычылык билдирүү керек – 7 жыл бою тарифти көтөрүшкөн жок. Алар да түшүнгүлө деп өтүнүштү: алар үй-бүлөсүн багышы керек, бирок баалар көтөрүлүп кетти», — деди мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

Пенсионерлер жана окуучулар үчүн тарифтин баасы 8 сом болот. Андан сырткары, Түлөбаев кошумчалап кеткендей, бул маселе май айында жаңы шайланган депутаттар менен бирге чечилет.

Белгилей кетсек, борбор калаанын маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын 15 сомго көтөрүп берүү талабы менен Бишкек шаардык мэриясына кайрылышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>