Бишкекте манас айткан наристелерге сынак жарыяланды

Бишкекте манас айткан наристелерге сынак жарыяланды

1-Июнь Балдарды коргоо эл аралык күнү майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы “Наристе манасчы” шаардык сынагын жарыяланат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлүүдө.

Сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4-кл.) балдар катыша алышат.

Иш-чаранын катышуучуларына “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Сынактын шарттары боюнча райондук сынактардан 1,2,3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык сынакка катыша алышат.

Сынак 31-майда саат  10.00дө “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында өтөт.

“Эң мыкты” деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар), жалпы билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар 1-4-класстардан), жалпы шаар боюнча 24 наристе манасчы шаардык сынакка катышат.

Сынакка катыша тургандардын аты, фамилиясы, жашы, окуган классы, мектеби, району, айта турган үзүндүнүн темасы жазылган табыштамаларды, катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айткан видеороликтери менен (диск же электрондук алып жүрүүчүдө) кошо Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 28-май саат 13.00гө чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү — 17, 31-иш бөлмө, байланыш телефондору: (0312) 514417 (факс); 514430.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>