Бишкекте маршруткадан аялдын 40 миң доллары уурдалган

Бишкекте маршруткадан аялдын 40 миң доллары уурдалган

Бишкекте жүргүнчү ташуучу кичи автобустагы аялдан 40 миң доллар уурдалды.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, 26-январь күнү саат 18:08 чамасында 41 жаштагы аялдан уурулук тууралуу маалымат келип түшкөн.

Анын айтымында, 7-апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде андан уюлдук телефон жана 40 миң доллар турган пакет уурдалган.

Милиция кылмышка шектүү 36 жаштагы К.Б. камакка алынды, ал көрсөтүлгөн сумма менен табылган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>