Бишкектеги соода борборлоруна кечки 9га чейин иштөөгө уруксат берилди

Бишкектеги соода борборлоруна кечки 9га чейин иштөөгө уруксат берилди

Бүгүн, 22 июлдан тарта, соода борборлору менен супермаркеттерге кечки саат 21.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Аталган токтомго Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Супермаркеттер, соода борборлору, комплекстер, дүкөндөрдүн тармактары күнүгө саат 7.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Борбордук базарлар саат 9.00дөн 17.00гө чейин иш алып барышат.

Соода борборлорунда жайгашкан фудкорттор иштебейт. Кафе менен ресторандар, ошондой эле башка коомдук тамактануу жайлары саат 10.00дн 20.00гө чейин иш алып барат. Тамакты атайын буйрутма менен жеткирип берүү кызматтарынын ишине чектөө коюлга эмес, алар санитардык талаптарга толугу менен жооп бериши керек.

Коомдук транспорт буга чейин бекитилген тартипте иш алып барат, 7.00дөн 10.00гө чейин жана 17.00дөн 21.00гө чейин. Дем алыш күндөрү коомдук унаалар жүрбөйт.

Төмөнкүлөргө улуксаат берилген жок:

-Көчөдөгү соода объектилери (секиргичтер, велосипеддерди ижарага алуу жана башка);
-Тойканалардын жана коңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башкалар);
-Балдардын ойноо аянтчалары жана көңүл ачуу жайлары.

«Аталган чаралар Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча күчүндө калат жана менчиктик фориасына карабстан баардык жарандарга тиешелүү болот», — деп белгилейт мэрия.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>