Бишкекте таза суунун баасы көтөрүлөт. Себеби эмне?

Бишкекте таза суунун баасы көтөрүлөт. Себеби эмне?

Муздак суу үчүн коюлган азыркы баа чыгымдарды актабай жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында «Бишкексууканалдын» башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев билдиргенин «Жебе медиа» жазды.

Ал акыркы жолу сууга болгон төлөмдөрдүн баасы 2015-жылы көтөрүлгөнүн, бирок ошол кезде да тарифтер чыгымдарды актабаганын белгилеп өттү. Мындан сырткары башкармалыктын карызы да көбөйгөн.

Дүйшөмбиевдин пикиринде, сунушталып жаткан тариф суунун өздүк наркына аз да болсо жакын.

«Муну менен биз көптөгөн маселелерди чече алабыз. Биздин башкы милдетибиз — калкты таза суу менен камсыз кылуу», — дейт ал.

Бакытбек Дүйшембиев кошумчалаганай, жоготууларды 6 млн кубометрге чейин кыскарта алышкан.

«Мунун эсебинен реализация көлөмүн көтөрдүк. Техникалык жана коммерциялык жоготуулар бар. Азыркы тариф авариялардын кесепеттерин жоюуга — жылына 25 миң жолу чыгууга гана жетет. Эгер суу түтүктөрүн оңдоп-түзөөгө киришсек, анда чыгуулардын саны өсөт», — деди ал

Эске салалы: Бишкекте сууга жана сууну бөлүштүрүүгө (канализация) тариф жогорулашы боюнча токтомдун долбоорун шаардык кеңеш буга чейин коомдук талкууга чыгарган.

Ушул жылдын 4-июлунда чыккан долбоордо таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу каралган. Бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Мындан сырткары шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Депутаттар мунун себебин азыркы тарифтер өзүн өзү актабай жатканы менен түшүндүргөн.

Долбоордо ичүүчү сууну өндүрүү, жеткирүү жана керектөөчүлөргө берүү, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо менен алектенген шаардагы жападан жалгыз ишкана — “Бишкексууканалдын” финансылык абалы өтө оор экени, жыл сайын 80 млн сом чыгым тартып жатканы белгиленген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>